• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ОГПИде китеп күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 22-апрель /Кабар/. Кечээ, 21-апрелде Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата марафон болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат катчысы Жылкычы уулу Кубаныч билдирди.

Иш чара окуу жайдын китепкана бөлүмү тарабынан уюштурулуп, алгач студенттер менен акындардын жолугушуусу, андан соң марафонго катышуучулардын китеп тапшыруу аземи болуп өттү.

Бул саамалыкка жетекчилик баштаган жалпы профессордук –окутуучулар жамааты активдүү катышып, ар бири өздөрүнүн кошумчасы катары окурмандар үчүн керектүү болгон китептерди жана айрым факультеттер зарыл болгон китептерди сатып алуу үчүн акчалай кошумчаларын китепканага тапшырышты.

Ошондой эле, иш чаранын соңунда чыгармачыл студенттер тарабынан кыскача концерттик программа тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий