Испанияда коронавирусту жуктургандардын саны 345ге жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Дүйнөгө тараган коронавирусту Испанияда 345 адам жуктурду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин Эскертүүлөр жана өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык борборунун директору Фернандо Симон билдиргенин РИА Новости жазат.

Буга чейин 261 адам аталган дартты жуктурган жана беш жаран каза болгону айтылган.

Бир суткада 80ден ашык учур катталган. Оору эң көп Мадрид шаарында байкалган. Ал жерде 137 адам ооруйт.

Белгилей кетсек, коронавирусту Хорватияда 11, Бельгияда 109 адам жуктуруп алган.

Пикир

Оставить комментарий