• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстанда спорттук иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынды

Спорт 0

Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Коронавирус инфекциясын жуктурууну жана таралышын алдын алуу максатында кырдаал туруктуу болгонго чейин спорттук-массалык жана жаштар иш-чараларын өткөрүүгө убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

"Тийиштүү тапшырма Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин карамагындагы мекемелердин жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча облустук башкармалыктардын жетекчилерине берилди", - деп айтылат маалыматта.

Агенттиктен белгилешкендей, республикалык мелдештер, анын ичинде алыш күрөшү боюнча биринчилик, ат оюндарын өткөрүү мөөнөтү жылдырылат.

Пикир

Оставить комментарий