• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Азия чемпионаты: грек-рим күрөшү боюнча балбандар жалпы 7 медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 11.04.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында жалпы жети медаль утту.

Күрөштүн бул түрү боюнча мелдеш 9-10-апрелде өтүп, анда кыргыз балбандары үч алтын, бир күмүш жана үч коло байге жеңди.

Алтын медаль:
Акжол Махмудов (77 кг);
Жоламан Шаршенбеков (60 кг);
Акылбек Талантбеков (82 кг).

Күмүш медаль:
Үзүр Жузупбеков 97 кг.

Коло медаль:
Роман Ким (130 кг);
Раззак Бейшекеев (67 кг);
Адилхан Нурланбеков (72 кг).

Ал эми командалык көрсөткүчтө Кыргызстандын курамасы Ирандан кийинки экинчи орунга илинди.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 9-14-апрель күндөрү Астана шаарында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий