Убакыттын өтүшү менен заман дагы бир орунда турбай өзгөрүп келет. Мезгилдин алмашуусуна карай кыргыздын салттарынын айрым жөрөлгөлөрү унутулуп, же толукталып отуруп ушул күнгө жетти. Мисалга алсак, кыргыздар жаңы төрөлгөн балага “Ит көйнөк” деп аталган кийим кийгизишкеш. Ал эми азыр кандай?
Ит көйнөк – жаңы төрөлгөн наристеге биринчи ирет кийгизилүүчү кийим. Ал улгайган адамдардын кийиминен же жыртыла элек эски көйнөктөн тигилген. Көбүнчө ак түстө болгон. Аны алгач ырымдап итке, анан балага кийгизген. Ал баланы оору-сыркоодон сактайт деген ишенимге байланыштуу болгон.
Ит көйнөк тууралуу коомчулук кандай ойдо? Чүй облусунун тургуну Нурбүбү Бакированын айтымында, бул өткөндөн калган ырым. Азыр адамдар ит көйнөк баланы оору-сыркоодон сактайт дегенге ишенишпейт.
“Ит көйнөк дегенин уккан эмесмин. Бирок “Жакшы адам болсун” деген ниетте карыялардын кийиминен кесип көйнөк тиккенин көргөм. Көйнөктү баланын кыркын чыгарганда кийгизишчү”, -деди ал.
Бишкек шаарынын жашоочусу, жаш эне Асель Токтогулова: “Апам балдарымдын кыркын чыгарганда кырк жамаачы көйнөк тиккен. Бирок итке кийгизген эмес (күлүп), ал кийимдин аталышын да билбейт экенмин”,-деп жооп берди.
Филология илимдеринин доктору, профессор Бейшебай Усубалиевдин сөзүнө караганда, кыргыздар итти жамандык-жакшылыкты алдын ала билген көзү ачык жаныбар катары көрүп, көйнөктү алгач иттин башына салып анан балага кийгизишкен.
“Ошондон улам элибизде “ит көйнөгүмдү сенден мурда жырткам” деген сөз калган да”, - деп кошумчалады ал.
“Ит көйнөк” деген аталышты биринчи жолу уккан кишиге бул абдан эле өөн учурашы мүмкүн. Бирок, жашоо-турмушта муну колдонуп келе жатышат. Жогорудагы аты аталган адамдардын сөзүнө таянып, “Ит көйнөктүн” аты калбаса да, заты сакталып калган экен” деген ойго келсе болот. Балким, айрым аймактарда аты да сакталып калгандыр.
Ал эми ит көйнөк тууралуу динде кандай айтылат? Буга Кыргызстан дин башкармалыгынын Фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу төмөнкүдөй жооп берди: “Динде мындай нерселер жок. Эгерде бала ооруса, аны дарылаш керек. Көз тийбесин деген максатта болсо, ага дем салуу шарт. Кандайдыр бир белгилүү убакытта кийим кийгизүү, же болбосо башка нерселерди кылуу каралбаган. Негизинен бул жакшы ырым эмес. Муну кылуу белгилүү бир деңгээлде күнөө болуп эсептелинет”.
Даярдаган: Назик Эсенбек кызы
Пикир
Оставить комментарий