• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Италияда эң ири күн электр станциясы ачылды

Дүйнө 0

Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Италияда эң ири күн электр станциясы ачылды.

Еuronews маалымдагандай, күн нурунан иштей турган электр станциясы Италиядагы Рим-Фьюмичино эл аралык аэропортуна курулду. 55 миң күн панели аба майдандын учуп-конуу тилкесин бойлой жайгаштырылды.

Станциядан иштелип чыккан электр энергиясы аэропортту жарыктандандырууга, электромобилдерди заряддоого пайдаланылары айтылды.

Станциянын ачылышында Италиянын энергетика министри Жильберто Пикетто-Фратин айыл чарба үчүн пайдаланууга болбой турган жерлерди ушундай долбоорлорду ишке ашырууга багыттоо керектигин белгиледи.

Маалыматтар боюнча, Рим-Фьюмичино эл аралык аэропорту жылына 50 миллиондон ашуун жүргүнчүнү тейлейт. 7 жылдан бери ал Европадагы мыкты делген аэропорттордун катарына кирип жатат.

Пикир

Оставить комментарий