• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Путин президенттик шайлоого катышар-катышпасын так айткан жок

Дүйнө 0

Бишкек, 16-июнь /Кабар/. Орусиянын кийинки президентинин башкы милдети жакырчылыкка каршы күрөшүү жана калктын кирешесинин жогорулашын камсыздоо болот. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин калк менен болгон түз байланыш маалында билдирди.

Ошол эле маалда Путин келерки президенттик шайлоодо талапкерлигин коер-койбосу тууралуу суроого жооп берген жок. Мамлекет башчы жаңы президентти өлкөнүн жашоочулары тандай турганын гана айтты.

Орусиядагы нааразылык акциялары тууралуу берилген суроого жооп берип жатып Путин "айрым адамдар оор учурду өзүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жаткандыгын» айтты. Бирок кеп кимдер жөнүндө болуп жатканын так билдирген жок.

Путин буга чейин да шайлоого катыша тургандыгы жөнүндө узатылган суроолорго жооп берүүдөн качып келген. Кремлден президент бул тууралуу ойлонбогондугун жана эч кандай шайлоо алдындагы өнөктүк жүрбөгөнүн билдирип келишет.

Буга чейин келерки президенттик шайлоого катыша тургандыктарын Владимир Жириновский, Григорий Явлинский жана Алексей Навальный билдирген. Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылдын 18-мартына дайындалган.

Булагы CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий