• 87
  • 90.41
  • 0.84

Италияда Кыргызстандын жеңил өнөр жай продукцияларынын көргөзмөсү өттү

Коом 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. 4-апрелде Италиянын эң ири "CIS di Nola" коммерциялык бөлүштүрүү борборунда (Неаполь провинциясы) Кыргызстандын жеңил өнөр жай продукцияларынын көргөзмөсү өттү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Кыргызстандын тигүү буюмдары үчүн экспорттук рынокту кеңейтүү максатында Италиядагы элчилик, Тышкы иштер министрлиги жана Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте Кыргызстандын Беневенто шаарындагы (Кампания аймагы) ардактуу консулу А.Кастиелонун көмөгү менен уюштурулду.

Көргөзмөнүн координатору, Кыргызстандын "TOOLAI" компаниясынын жетекчиси С.Бейшенова италиялык компанияларга Кыргызстандын жыйырма компаниясынын тигүүчүлүктүн ассортименттерин тартуулады.

Моделдөө, дизайн, кездеме тандоо, Кыргызстанда продукцияны контракттык түрдө чыгаруу боюнча кызматташуунун келечеги, ошондой эле даяр продукцияны андан ары экспорттоо үчүн Италияга логистика маселелери талкууланды.

Көргөзмөнүн жыйынтыгы боюнча "CIS di Nola`нын" президенти жана коммерциялык директору Ф.Гвида жана Ф.Грималди 2024-жылдын биринчи жарымында Кыргызстандагы кийим тигүүчү ишканалар менен түз байланыш түзүү жана мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн кызыкдар италиялык компаниялардын тобунун Кыргызстанга иш сапарын уюштурууга даяр экендиктерин билдиришти.

Быйыл мындай көргөзмө иш-чараларын Италиянын бир катар башка аймактарында да уюштуруу пландалууда.

Маалымат үчүн: "CIS di Nola" соода-логистикалык борбор болуп саналат, анын аймагында 500дөн ашык, анын ичинде тигүү жана текстиль өнөр жайларында, ошондой эле мода индустриясында италиялык компаниялардын кеңселери жана кампалары жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий