• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Шеркул Турганбаев Талас ОИИБдин маалымат кызматынын башчысы болуп дайындалды

Аймак 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Милициянын улук лейтенанты Шеркул Турганбаев Талас облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ал эми милициянын капитаны Гүлжан Жунушова Талас ОИИБдин басма сөз кызматынын тескөөчүсү кызматына дайындалды.

Бүгүн жаңыдан дайындалган кызматкерлерди Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалап, ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөөгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий