• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Италиядан келген адистер Бишкекте энергетиктер үчүн окутууларды өткөрүштү

Коом 0

Бишкек, 17.10.23. /Кабар/. Италиядан келген адистер "Бишкекти жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу" долбоору боюнча окуу өткөрүштү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк банк аркылуу "Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу" долбоорун ишке ашыруунун алкагында "Бишкекжылуулуктармагынын" адистери жаңы жеке жылытуу пункттарын орнотууну аякташты.

Эске сала кетсек, "Бишкекжылуулуктармагы" Бишкек шаарында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Жылуулук менен камсыз кылууну жакшыртуу" долбоорун ишке ашырууда.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын көп кабаттуу үйлөрүндө тандалып алынган даректер боюнча 221 жаңы жеке жылытуу пункттары орнотулду, 1825 жылуулук түйүндөрүн модернизациялоо улантылып, эми имараттын деңгээлинде ысык суу жана жылуулук энергиясынын эсебин аныктоо үчүн, ошондой эле ишкананын серверине алыстан маалыматтарды берүү функциясы менен 2210 "акылдуу эсептегичтер" орнотулат.

Бул долбоордун алкагында Италиядан келген адистер "Бишкекжылуулуктармагынын" кызматкерлери менен биргеликте жаңы жеке пункттарды тейлөө жана акылдуу эсептегичтерди орнотуу боюнча окутуп-үйрөтүү өткөрүштү.

Жаңы автоматташтырылган жылытуу пункттары Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоосун олуттуу жакшыртат, жана бул көп квартиралуу турак жайларды натыйжалуу жана сапаттуу жылуулук менен камсыздоого, ошондой эле жылуулук түйүндөрү үчүн профилактикалык тейлөөнүн маалыматтык системасын киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий