• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Нью-Йоркто тоолуу аймактардагы аялдардын кызыкчылыктарын билим берүү аркылуу коргоо талкууланды

Коом 0

Бишкек. 15.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын Нью-Йорктогу БУУ алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгү Непалдын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү, Тоо өнөктөштүк катчылыгы жана Юта өрөөнүнүн университети менен биргеликте “Кызыктыруучу билим берүү аркылуу тоолуу аймактардагы аялдардын жана кыздардын кызыкчылыктарын коргоо” деген темада иш-чара өткөрдү.

КР ТИМден билдиришкендей, иш-чара БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 68-сессиясынын алкагында уюштурулду.

Анын негизги максаты - тоолуу аймактардагы аялдардын жана кыздардын кызыкчылыктарын билим берүү программалары аркылуу коргоо жана ошондой эле алардын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат.

Иш-чарага Тоолуу өлкөлөрдүн БУУдагы тобуна мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү, Юта өрөөнүнүн университетинин, ошондой эле Ош технологиялык университетинин окутуучулары жана студенттери катышты.

Кыргыз тараптан эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова ачылыш сөз сүйлөдү. Туруктуу өкүл Аида Касымалиева өз сөзүндө “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттердин” алкагында студенттердин билим алуусуна жана өзүн өзү өнүктүрүүсүнө, ошондой эле тоолуу аймактардагы аялдар менен кыздардын сапаттуу билим алуусуна жана өз алдынча изилдөө жүргүзүүсүнө көмөк көрсөткөн билим берүү программаларына көңүл буруу маанилүү экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий