Бишкек, 20.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Юридикалык академия келечекте юриспруденция тармагындагы белгилүү бир билим берүү жайына, дасыккан илимий борборго жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдаган чоң мектепке айланат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясынын ачылыш аземинде билдирди.
Анын айтымында, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамынын 65 пайызын илимий даражалары жана наамдары бар окутуучулар түзөт.
"Юридикалык академиянын ачылышы менен окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамына жоопкерчиликтүү милдет жүктөлүп жатат. Академиянын азыркы биринчи курсунун студенттери келечекте окуу жайдын биринчи бүтүрүүчүлөрү болушат. Юридикалык заманбап билим берүү аркылуу ар бир бүтүрүүчү, болочок жаш адис адам укуктарына байланыштуу реалдуу ишмердигине ишенимдүү түрдө кадам жасашы абзел", - деди президент.
Белгилей кетсек, 2024-2025-окуу жылы КР Башкы прокуратурасынын юридикалык академиясына 250 студент 4 багыт боюнча окууга кабыл алынып, учура билим алышууда.
Маалымат үчүн: окуу жайда 2 факультет, 2 деканат, 2 кафедра түзүлгөн. Прокурорлорду даярдоо жана юридикалык деп аталган эки факультетте 4 багытта окуу жүргүзүлөт. Алар юриспруденция, прокурордук жана соттук ишмердүүлүк, соттук экспертиза жана маалыматтык коопсуздук. Академияда окуу негизинен контракттык негизде жүргүзүлөт.
Пикир
Оставить комментарий