• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Юридикалык академиядан прокуратура органдары үчүн кадрлар даярдалат – Жакыбакунов

Коом 0

Бишкек, 20.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Башкы прокуратуранын юридикалык академиясынын студенттери юриспруденция, прокуратура тармагында атайын багытта даярдалган адистерден болуп чыгышат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясынын юридикалык факультетинин деканы Эркинбек Жакыбакунов билдирди.

Анын айтымында, академияда окутуу мамлекеттик жана расмий тилдерде, толугу менен контрактык негизде жүргүзүлөт.

“2024-жылдын 1-сентябрынан тартып академияга студенттерди кабыл алуу жүргүзүлдү. Бүгүнкү күндө юридикалык жана прокуратура факультети бар. Прокуратура факультетине 100 студент, юридикалык факультетке 150 студент кабыл алынды. Прокуратура факультетинде окуу процесси эксперимент катары 5 жылдык мөөнөттө. Бул убакыттын ичинде прокурордук көзөмөлгө байланыштуу болгон адистерди даярдап чыгарабыз. Окутуунун өзгөчөлүктөрүнө токтолсок, практик юристтер жана прокуратура түзүмүндө иштеген практик адистер келип студенттерге сабак беришет. Андан тышкары, Юридикалык академиянын алдында атайын криминалистикалык лаборатория да бар.

Ал эми юридикалык факультетте адвокатура, эл аралык укук, жарандык укук андан тышкары маалыматтык коопсуздук тармагында адистерди даярдайбыз. Адистерди максаттуу даярдоодо адвокатура же башка юриспруденция тармактары боюнча кошумча сабактар өтүлөт. Прокуратура факультетинде контракт 110 миң сом, юридикалык факультеттин юриспруденция бакалавр багыты 70 миң сом, соттук экспертиза 45 миң сом, ал эми маалыматтык коопсуздук тармагы боюнча контракт 50 миң сом. Жалпы республикалык тестирлөөдөн 110 баллдан ашык көрсөткүчкө ээ болгон бардык студенттер сынакка катышып, окууга тапшыра алышат”,- деди Эркинбек Жакыбакунов.

Эскерте кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаровдун катышуусунда КР Башкы прокуратурасынын юридикалык академиясынын расмий ачылыш аземи өттү. Аталган академияда учурда алгачкы 250 студент 4 кесиптик багыт боюнча билим алышууда.

Пикир

Оставить комментарий