Адвокаттык иш жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн экзамендик суроолордун тизмеси бекитилди

Коом 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Адвокаттык иш жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн экзамендик суроолордун жана жооптордун тизмесин бекитилди. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.

Экзамендик процедуралардын алкагында адвокаттын жана жеке нотариустун лицензияларын алуу үчүн колдонула турган тесттик суроолордун долбоорлору Юстиция министрлигинин расмий сайтында ушул жылдын 18-январында тиешелүү сын-пикирлерди, байкоолорду жана сунуштарды талкуулоо жана аларды чогултуу үчүн ачык жайгаштырылган.

Суроолордун жана жооптордун тизмеси айрым ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу, келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен, ошондой эле көп жооптору бар суроолордун санын 40% дан 20% га чейин азайтуу максатында оңдолгон.

Бекитилген суроолор менен Юстминдин сайтынан шилтеме боюнча таанышсаңыздар болот.

Экзамендин суроолору жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин Юстиция министрлиги адвокаттык иш жүргүзүү укугуна сынактарды өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий