Юстиция министрлиги менен Европалык пробация конфедерациясы меморандумга кол койду

Коом 0

Бишкек, 13.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстандын Юстиция министрлиги менен Европалык пробация конфедерациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Бишкекте өтүп жаткан пробация боюнча эл аралык форумдун алкагында жетишилген документке юстиция министри Аяз Баетов менен Европалык пробация конфедерациясынын башкы катчысы Яна Сперо кол койду.

Бул меморандум Юстиция министрлиги менен Европалык пробация конфедерациясынын ортосундагы кызматташтыкты арттыруу, кесипкөйлүк үчүн стандарттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча тажрыйба алмашуу максатын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий