• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Юстиция министрлиги жарандык иштер боюнча соттогу өкүлчүлүк институтун реформалоону баштады

Коом 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Жарандык иштер боюнча соттук өкүлчүлүктүн механизмин өркүндөтүүгө багытталган масштабдуу реформа башталды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, бүгүнкү күндө мыйзамдагы жана жөнгө салуучулуктагы боштуктардын натыйжасында дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнөн айырмаланып Кыргызстанда иш жүзүндө бул чөйрө жөнгө салынбай келген. Бул жагдай жарандардын укуктарына жана кызыкчылыктарына зыян келтирип, сот системасынын ишин татаалдаштырган бир катар көйгөйлүү тенденцияларды жаратты.

Министрлик реформанын негизги максаттарына сот процесстеринде өкүл болгон адамдардын ишине кесиптик стандарттарды киргизүү, соттук өкүлчүлүктүн сапатынын жана натыйжалуулугунун деңгээлин жогорулатуу, жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, өкүлдөрдүн ишинин ачыктыгын камсыз кылуу, жоопкерчиликти жогорулатуу, этикалык жана кесиптик эрежелерди сактоо кирерин белгиледи.

Ошондой эле сот өкүлдөрү тарабынан кесиптик юридикалык кызматтарды ишке ашыруу механизмин киргизүү, сот өкүлдөрүнүн ишинин ачыктыгы, алардын кардарлардын жана сот системасынын алдындагы жоопкерчилиги, милдеттүү түрдө сертификациялоо жана сот өкүлдөрүнүн бирдиктүү реестрин жүргүзүү үчүн жооптуу болгон, ошондой эле сот өкүлдөрүнүн коллегияларынын ассоциациясын түзүү, соттук териштирүүлөргө сапатсыз катышуу учурларынын санын кыскартууга жана сот адилеттигине болгон ишенимди жогорулатууга багытталган чаралар да бар экендиги айтылды.

Мындан тышкары, КР мыйзамдарын жакшыртуу, анын ичинде сот өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун демилгелөө зарылдыгы да жаралганы кошумчаланды.

Пикир

Оставить комментарий