• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Юстиция министрлигине «Тилектештик автобусу» тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 14.07.23. /Кабар/. Бишкекте үчүнчү «Тилектештик автобусун» Юстиция министрлигине тапшыруу аземи өттү.

Юстиция министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага министр Аяз Баетов жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен катышты.

Жолугушуу учурунда тараптар негизги жыйынтыктарды жана келечектеги стратегиялык кызматташууну талкуулашты. Андан соң, Луиз Чемберлен кичиавтобустун ачкычын тапшырды. Бул Баткен облусундагы калктын аярлуу катмарларына юридикалык жардам көрсөтүүнү кеңейтүү максатында уюштурулган.

«БУУӨПтүн «Кыргызстандагы сот адилеттигине туруктуу жетүү үчүн» долбоорунун алкагында алынган кичи автобустардын келиши алыскы калктуу конуштарга барууну жеңилдетет, ошондой эле, калкы жыш аймактарда жайгашууга мүмкүнчүлүк түзүп, жарандардын укуктук жардам алуусун жеңилдетет", - деди Баетов.

Министр бул кичи автобус 2022-жылы болгон каргашалуу окуяларга байланыштуу Баткен облусунун тургундарына юридикалык жардам көрсөтүү үчүн түз жөнөтүлөрүн белгиледи.

Луиз Чемберлен белгилеп кеткендей, БУУӨП эч кимди артта калтырбоо принциптерине ылайык дүйнө жүзү боюнча адам укуктарын коргоо, гендердик теңчиликти илгерилетүү, сот адилеттигине жетүүнү кеңейтүү боюнча иш алып барууда.

«Юстиция министрлиги мыйзамдуулукту сактоо, сот адилеттигине жетүүнү жеңилдетүү жана адам укуктарын илгерилетүү боюнча негизги мамлекеттик орган болуп саналат. Министрлик бекер юридикалык жардам саясатын ишке ашырууда, укуктук маалыматка кеңири жеткиликтүүлүктү камсыз кылууда жана калктын мыйзамдуу өз укуктары боюнча маалымдуулугун жогорулатууда негизги ролду ойнойт», – деди ал.

Эскерте кетсек, «Тилектештик автобусу» демилгеси БУУӨПтүн сунушу боюнча Укуктук маданиятты жогорулатуу концепциясына киргизилген, бул 2015-жылы Францияга болгон таанышуу сапарында, мыкты практика деп бааланган, француз тажрыйбасынан алынган. Бул демилгенин алкагында, Юстиция министрлигинин юристтеринен турган топ өлкөнүн алыскы аймактарын кыдырып, калкка акысыз юридикалык кеп-кеңештерди жана укуктук маалыматтарды беришет. Алар эркектерге да, аялдарга да тең бир катар укуктук маселелер боюнча жардам бергени менен, аялдардын укуктарын коргоо жана илгерилетүү өзгөчө маанилүү. Кошумчалай кетсек, «Тилектештик автобусу» – бул айылдардагы жакырчылык, гендердик теңчилик жана мыйзам үстөмдүгү маселелерин чечүүдө өзгөчө адаптацияланган, ийкемдүү ыкма.

Пикир

Оставить комментарий