• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

"Салык чек": Лотереянын катышуучулары 3 млрд сомдон ашык чекти сканерден өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясы расмий ишке киргенден тартып анын катышуучуларынан “Салык чек" мобилдик тиркемеси аркылуу 4 миң 739 даттануу келип түшкөн.

Ведомстводон билдиргендей, көпчүлүк даттануулар кассалык чектин берилбегендиги жана ККМдин жоктугу, ошондой эле тиркеменин иштеши (чектерди иштеп чыгуу жана билеттерди берүү) боюнча болгон.

Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 3 миң 927 даттануу иштелип чыкты. 212 субъектке ККМди колдонбогондугу жана чек бербегендиги үчүн административдик айып салынды.

Ал эми даттануулардын калган бөлүгү кассалык чек бербеген субъекттин дарегин же аталышын көрсөтпөгөндүгүнө, ошондой эле темадан тышкары кайрылууларга байланыштуу каралган эмес.

Эскерте кетсек, бүгүн Салык кызматынын лотереясына 58 миң 608 адам катышууда. Алар 3 млрд сомдон ашык кассалык чектерди сканерден өткөрүшкөн. Катышуучуларга утушка катыша турган 2,9 млн электрондук лотереялык билеттер (ID номер) ыйгарылды.

Биринчи утуш 2022-жылдын 1-июлунда Ала-Тоо аянтында ойнотулат, анда көрүүчүлөр шаңдуу концертке жана кызыктуу шоу-программага күбө болушат.

Биринчи турда бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен 2 автомобиль, 10 iPhone, 10 смартфон, 25 ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу байгелер ойнотулат.

Пикир

Оставить комментарий