• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жалал-Абадда сойкулукка бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы “Корона” эс алуу жайында сексуалдык кызмат көрсөтүүчү сойкукана аныкталды.

Жалал-Аад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинин (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө эс алуу жайынан сойкулук менен алектенген 7 кыз аныкталып, анын беши Кыргызстандын, экөө Өзбекстандын жарандары болгон.

"Көмүскө жайдан кардарлардан алынган акчалар жана 400дөн ашуун презерватив далил буюм катары алынды", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле аталган эс алуу борборун иштеткен жаран Сузак районунун Сузак айылынын 29 жаштагы тургуну К.Т. экендиги такталган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий