• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Юстиция министрлигинин алдында Пробация департаменти түзүлөт

Коом 0


Бишкек, 05.03.19. /Кабар/. Юстиция министрлигинин алдында Пробация департаменти түзүлүп, ал 2020-жылдын 1-январынан тарта иштеп баштайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында юстиция министри Марат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, пробация кызматынын милдеттерин укук коргоо органдарынан жарандык мекемеге өткөрүп берүү чечими туура болгон.

"Кылмыш - социалдык көрүнүш. Адамды эркинен ажыратуудан мурда аны кылмыш жасоого эмне түрткү бергенин билүү керек. Балким анын билими жок же жашоо шарттары начар болгон. Аны менен укук коргоо органдары иш алып барбашы керек деп эсептейм. Себеби, ал социалдык институт болушу зарыл. Пробация институту биздин өлкө үчүн жаңы институт. Ал эркинен ажыратуу каралбаган жаза өтөөнү карайт", - деди министр.

Министр "Пробация тууралуу" мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тарта ишке киргенин жана 2018-жылдын 31-декабрында өкмөт пробация кызматынын милдетин Юстиция министрлигине жүктөгөнүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий