• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Тажикстан менен Казакстандын ортосундагы аба каттамдар көбөйөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.03.19 /Кабар/. Казакстандын авиация комитети Астана менен Дүйшөмбүнүн ортосундагы аба каттамдарын көбөйтүүгө макулдашышканын билдирди. Бул тууралуу ca-irnews.com агенттиги маалымдады.

Эки өлкөнүн президенттеринин буйругу менен Казакстандын “Air Astana”, “SCAT” авиакомпаниялары менен Тажикстандын “Tajik Air“, “Somon Air” авиакомпанияларынын жетекчилери Дүйшөмбү шаарында жолугушкан.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки тараптуу пртоколго кол коюлган жана ага ылайык, эки өлкөнүн компаниялары бир апта ичиндеги авиакаттамдардын санын 18ден 32ге чейин көбөйтө алышат.

Ошентип, Тажикстан менен Казакстандын авиакомпаниялары мындан ары бир аптанын ичинде “Алматы – Дүйшөмбү” каттамында 12 рейске чейин, “Астана-Дүйшөмбү” каттамында 6 рейс, Астана, Алматы, Шымкент, Тараз жана Дүйшөмбү, Ходжент, Бахтар, Куляб шаарларынын ортосундагы башка каттамдарда 14кө чейин рейстерди ишке ашыра алышат.

Ошондой эле, аталган компаниялар бири-бири менен өз ара соода макулдашууларын түзүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Азыркы учурда жетишилген келишимдердин негизинде казак компаниялары ушул жылдын жаз жана жай айларында Астана, Алматы жана Дүйшөмбү шаарларынын ортосунда үзгүлтүксүз каттамдардын санын көбөйтүүнү көздөп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий