«Иванушки International» тобунун мурдагы солисти Олег Яковлев каза болду

Маданият 0

Бишкек, 29-июнь /Кабар/. «Иванушки International» тобунун мурдагы солисти Олег Яковлев 29-июнда эрте менен каза болгонун РИА Новостиге ырчынын жубайы Александра Куцевол билдирген.

Александра Куцевол өзүнүн “Instagram” баракчасына «Бүгүн саат 7:05де менин жашоомдогу негизги адамым, менин периштем, менин бактым.. каза болду. ....Сен жок эми мен кантем?....Уч, Олег! Мен ар дайым сени мененмин”,-деп жазган.

Буга чейин Куцевол РИА Новостиге, 47 жаштагы ырчынын абалы оор экенин жана реанимацияда жатканын билдирген болчу.

Яковлев ата энеси Монголиядагы Чойбалсанда иш сапарда жүргөндө төрөлгөн. Анын үй бүлөсү Россияга ырчы биринчи классты аяктаганда келишкен. Ал Иркутскдагы театралдык окуу жайын аяктап , бир катар спектаклдарда тартылган.

"Иванушки International" тобунун солисти болуп ырчы 1998-жылы, тагыраагы Игорь Сорин топтон кеткенден кийин ырдап баштаган. Яковлевдин эң алгачкы белгилүү ыры –"Иванушки International" ырдап чыккан "Тополиный пух” чыгармасы болгон. 2012-жылы ал жеке ырчылык менен алектенип, бир жыл өткөн соң "Иванушки International" тобунан биротоло кеткен.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий