• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Музыкалык окуу жайлардын окуу стандарттары талкууланды

Маданият 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде маданият жана искусство жаатындагы кесипке чейинки билим берүүнүн Мамлекеттик стандартынын түзүмү жана мазмунунун маселелери тууралуу жыйын өттү.

Ага маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, Кыргыз Республикасынын Билим берүү академиясынын, Бишкек шаардык мэриясынын Маданият башкармалыгынын өкүлдөрү, эксперттер жана бөлүм башчылар катышты.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйында искусство жана маданият багытында билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын даярдалып жаткан долбоору талкууланды.

Тиешелүү адистер иштелип жаткан мамлекеттик стандартка киргизилип жаткан өзгөчөлүктөр, анын ичинде фортепиано, кыргыз эл аспаптары, элдик аспаптар, хореография жана теориялык бөлүмдөрдүн маселелерин талкуулашты.

“Улуттук бийдин да стандарттарын иштеп чыксак. Биздин өзгөчөлүк дал ошондо. Дүйнө биздин искусствонун өзгөчөлүгүнө суктансын”, - деди министр дүйнөлүк классика менен катар улуттук бий өнөрүн даңазалоо зарылдыгын белгилеп.

Мамлекеттик стандарт - бул компетенттүүлүккө багытталган стандарттар тутумунун бөлүгү, ал Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүүдөн баштап, жогорку кесиптик билим берүү системасына чейинки билим берүү тутумун куруунун бирдиктүү методологиясын камсыз кылат.

Эске салсак, бүгүнкү күндө Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан республика боюнча 2 жогорку окуу жай, 8 орто окуу жай жана 88 музыкалык мектеп бар.

Пикир

Оставить комментарий