Конституциялык мыйзамдар боюнча ЖК комитети референдумду 10-январда өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин депутаттары 10-январда референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун жактырышты. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Твиттердеги баракчасына билдирүү калтырды.

Маалыматка ылайык, комитет мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна алып чыгат.

Белгилей кетсек, депутаттар президенттик шайлоо менен бирге бюллетенге башкаруу формасын (президенттик же парламенттик) жазып, элдин тандоосуна коюуну сунуштоодо.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий