Кош бойлуу кезде энелер бөйрөк оорусунан кантип сактануу керек?

Ден соолук 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Кош бойлуу аялдардын жашыруун заара-жыныс жугуштуу ооруларын өз убагында аныктоо балада да, энеде да олуттуу кыйынчылыктарды азайтууга жардам берет.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан маалымдашкандай, аялдар кош бойлуулуктун 12 жумасына чейин каттоодон өтүшү керек. Анда дарыгерлер болочоктогу энелерди текшерип, заара чыгаруу жолдорунун жашыруун инфекциясына шек болсо, грам ыкмасы менен бактериурияга заара анализин жазып беришет. Анализ акысыз негизде жүргүзүлөт.

Кош бойлуу аял Үй-бүлөлүк медицина борборунда жана үй-бүлөлүк дарыгердин каттоосунда болуусу зарыл. Андан соң тиешелүү акысыз текшерүүдөн өтүүгө адистен жолдомо алышы керек.

Эмне үчүн дарыгерлер кош бойлуу аялдарга эрте катталып, текшерүүдөн өтүүнү сунушташат?

- Алгачкы стадиядагы инфекцияларды, анын ичинде асимптоматиктерди аныктоого жана өз убагында дарылоону баштоого мүмкүндүк берет. Бул алардын прогрессиясын жана татаалдануусун алдын алат;

- Кош бойлуу аялда пиелонефрит (бөйрөк инфекциясы) өрчүп кетүү коркунучун азайтат;

- Түйүлдүктүн оор кесепеттеринен (ара төрөт, аз салмак, боюнан түшүп калуу) сактайт;

- Кош бойлуулуктун жагымдуу өтүүсүн камсыздайт.

Фонд кош бойлуу аялдар кош бойлуулугу боюнча катталган учурдан тартып 12 ай бою милдеттүү медициналык камсыздандырууда камсыздандырыларын эскертет. Бул аларга жеңилдетилген медициналык кызмат көрсөтүүгө укук берет дегенди билдирет.

Адистердин пикиринде, кош бойлуулуктун биринчи триместринде грам боёо ыкмасын колдонуу менен заараны бактерияга текшерүү эненин жана баланын ден соолугун сактоого, кыйынчылыктардын алдын алууга жана жакшы кош бойлуулукту камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Эгер жооп алууга суроолоруңуз бар болсо, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун күнү-түнү иштеген 113 ишеним телефонуна байланышыңыз. Бардык чалуулар акысыз.

Пикир

Оставить комментарий