• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кыргызстан менен Италиянын президенттери сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-октябрда, Италияга жасаган расмий сапарынын алкагында өлкө президенти Серджо Маттарелла менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Садыр Жапаровду жылуу тосуп алган Серджо Маттарелла Кыргызстандын президентине Римге жасаган сапары үчүн ыраазычылык билдирип, бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарга кошумча дем берет деген ишенимин билдирди.

Италиянын президенти Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) жана башка эл аралык түзүмдөрдүн алкагында Кыргызстан менен Италиянын өз ара аракеттенүү маселелерине токтолуп, эл аралык мамилелер системасын чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Серджо Маттареллага Италияга расмий сапар менен келүүгө чакырганы жана кыргыз делегациясына көрсөтүлүп жаткан меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал белгилегендей, бул жолугушуу Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы акыркы 25 жыл ичиндеги биринчи жогорку деңгээлдеги жолугушуу болуп саналат. Буга чейин мамлекеттер аралык байланыштар БУУ жана ЕККУ багыты боюнча иш-чаралардын алкагында тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги байланыштар менен гана чектелип келген.

Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуу жана жалпысынан Италияга болгон расмий сапары кыргыз-италиялык мамилелердин тарыхында жаңы баракты ачат, деген ишенимин билдирди. Ал өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн потенциал абдан чоң экенин айтты.

Президент Кыргызстан Италия жана жалпы Европа Биримдиги менен саясий диалогду жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстандын ушул жылдын июнь айында Брюсселде Европа Биримдиги менен кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюусу - Европа Биримдиги өлкөлөрү, анын ичинде Италия менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Баарлашуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Кыргызстан демократиялык жана укуктук мамлекет катары мындан ары да ишенимдүү өнүгүүгө ниеттенип жатканына өзгөчө басым жасады.

“2021-жылдан тартып реформалар өлкөнүн жашоосунун дээрлик бардык негизги багыттарында жүргүзүлүүдө. Мен Кыргызстанды ар бир жаран жана чет өлкөлүк, ал тургай чет өлкөлүк инвестор өзүн толук коопсуз сезип, өз ишин тынч жүргүзө ала турган өлкөгө айлантууга умтулам. Салык мыйзамдарын реформалоонун натыйжасында өлкөдө либералдуу салык режими иштеп жатат”, - деп белгиледи ал.

Ошондой эле тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер тууралуу пикир алмашты.

Президент Садыр Жапаров Серджо Маттарелланы өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий