• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Көчмөндөр оюнуна тандоо. Кыргызстанда 300 чакырымдык ат чабыш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 08.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстанда Көчмөндөр оюнуна тандоо максатында 300 чакырымдык ат чабыш өтөт. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучусу Жаныбек Дүйшөбаев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, марафон 17-июлдан 20-июлга чейин созулат. Мелдеш Ата-Бейит мемориалдык комплексинен башталып, 4 күндөн соң Байтик айылында жыйынтыкталат.

“17-июлда Ата-Бейит мемориалдык комплексинен эртең мененки саат 08:00дө старт берилет. Аттар Арчалы, Асылбаш айылдары аркылуу тоо этектеп келип, Белек айылына жеткенде, 35 чакырымды басып өткөндө токтоп, бир саат тыныгып, ветеринардык көзөмөлдөн өтүшөт. Аттар кайра Белек – Белогорка – Асылбаш айылынан чабылып, 70 километрде текшерилгенге токтоп, түнөшөт. Экинчи күнү Асылбаштан таңкы алтыда аттар кое берилип, 70 чакырымды чуркап өкөндөн кийин Кайыңдыга жеткенде түнөшөт. 3-күнү Кайыңдыдан кайра артка Беловодск айылына чейин келишет. 20-июлда Беловодск айылынан Байтик айылына келип токтошот”, - деди ал.

Жаныбек Дүйшөбаев белгилегендей, 300 чакырымга чабылган аттардын ичинен маарага жетип келгендери Казакстанда сентябрь айында өтө турган V Көчмөндөр оюнуна катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Анда 10 аттанган куралган эки команда Павлодардан Астанага чейинки 500 чакырым аралыкты беш күндө басып өтүүсү керек болот.

“Бизде узак аралыкка аттарды чабуу боюнча тажрыйба бар. 2022-жылы Ата-Бейиттен Чолпон-Атадагы ипподромго чейин 250 чакырым чуркатканбыз. Боом капчыгайы аркылуу өтүп, жолдон түнөп, 4 күндө Ысык-Көлгө жеткенбиз. Жайлоолорго барып, ашууларды ашып жүргөн аттар Кыргызстанда көп. Ошол аттарды да алып келип, айыл тургундары деле катышса болот. Чабандестин жаш курагы 18 жаштан өйдө болуп жаткандыктан, каалаган киши келсе болот. Биздин аттардын ичинен жакшы аттарды калыстар, ветеринарлар тандап, Кыргызстандын атынан катыштырууга жөнөтүлөт. Мелдешке 6 жаштан жогору аттар чабылат”, - дейт Жаныбек Дүйшөбаев.

16-июлга чейин да Бишкектеги Аккула ат майданында командалар аттары менен катталып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрү маалымат жыйында айтылды.

Спорттун улуттук оюндар түрлөрү боюнча дирекциянын директорунун милдетин аткаруучу Жеңишбек Нурчоро уулу билдиргендей, ат чабыштын байге фондусуна мамлекет тарабынан 2 млн сом бөлүндү. Ат чабыштын катышуучуларын тез жардам, ӨКМ кызматкерлери, ветеринарлар коштоп жүрөт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого милиция көмөктөшөт.

Кыргызстандын ат спорту жана ат чабыш федерациясынын вице-президенти Манас Султанов өлкөдөгү бул мелдеште тандалчу аттар өлкө намысын коргоп, Астанада байгелүү орунду багындырып келерине үмүт артылып жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий