• 87
  • 90.41
  • 0.84

Көйгөй жаралса, дароо дарыгерге кайрылыңыз – урогинеколог

Ден соолук 0

Бишкек, 22.11.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Аялдар арасында зааранын токтобой калышы чоң көйгөй, бирок көбү жардам алуудан тартынат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Улуттук госпиталдын урология борборунун урогинекологу, медицина илимдеринин кандидаты Дилдебүбү Шүкүрова билдирди.

Дарыгердин айтымында, зааранын токтобой калышы эркектерге караганда аялдарда көп кездешет. Негизги себеби төрөт.

“Швейцария кыргыз биргелешкен долбоорунун статистикасына таянсак, Кыргызстандагы 7 млн адамдын 3 жарым миллиону төрөт курагындагы аялдар. 3 жарым миллиондун ичинен 600 миң аял ушул көйгөй менен жабыркап келет. Зааранын токтобой калышы эркектерге караганда аялдарда көп кездешет. Негизги себеби төрөт. Аял кыйналып көз жарганда алаа булчуңдары бошоп, ички органдар ылдыйлайт же түшүп кетет. Биринчиден ылдыйлайт, экинчиден түшүп калышы мүмкүн, үчүнчүдөн жумшарып чоюлгуч болуп калат. Органдар төрөттөн кийин жакшылап калыбына келбесе, аялдар көбүнчө ушул көйгөйгө туш болушат. Дагы бир көйгөй, эгерде жыныстык органдар түшүп калса, аялдарда заара чыкпай калат. Бул учурда заара кайра бөйрөктү көздөй таркайт. Бөйрөк кеңейип, аялдарда бөйрөк оорулары дагы пайда болот. Бул оору олуттуу медициналык-коомдук маселе болуп саналат, себеби, адам физикалык эле эмес, психологиялык ыңгайсыздыкка кабылат. Бул адамдын өзүнө болгон ишенимин түшүрүп, өзүн чектөөгө алып келет. Мындай учурда дарыгерге кайрылуу керек”,-деди ал.
Ал белгилегендей, зааранын токтобой калышынын бир нече түрлөрү бар.

"Зааранын кармалбай калышынын негизги белгилери - жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, стресс абалда болгондо, уктап жатканда же башка себептерден улам аз өлчөмдөгү зааранын чыгышы. Зааранын өлчөмүнө жараша оорунун жеңил, орто жана оор түрү аныкталат. Зааранын токтобой калышынын бир нече түрлөрү бар. Биринчи түрү бул аял чүчкүргөндө, катуу күлүп койгондогу зааранын токтобошу. Бул учурда толук изилдеп, анализдеп анан дарылоо керек. Экинчи түрүндө аял консервативдүү даарыланууга муктаж. Ал эми үчүнчү түрүндө аял сөзсүз түрдө операция жолу менен даарылануу керек",-деп жыйынтыктады дарыгер.

Пикир

Оставить комментарий