Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 18-декабрда Бишкектеги "Чыгыш-5" кичи районунда жылуулук тармагынын эски тилкесин алмаштыруу иштерине байланыштуу саат 09:00дөн 20:00гө чейин жылуулук жана ысык суу убактылуу токтотулат.
Мэриядан билдиришкендей, өчүрүү төмөнкү даректер боюнча орун алат: Чыгыш-5 кичи районундагы 6, 7, 10, 11, 12, 18, 19, жана Чүй проспектисиндеги 30, 32, 34.
Ошондой эле, Чыгыш-5 20/3 дарегинде жайгашкан Р. Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервдик окуу жайында жана 18/1 дарегиндеги №59 бала бакчада ысык суу жана жылуулук убактылуу өчүрүлөт.
«Бишкекжылуулук» мекемеси убактылуу келтирилген ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууңуздарды өтүнөт.
Пикир
Оставить комментарий