• 87
  • 90.59
  • 0.86

Кыргызстанда күрүч өндүрүүнүн көлөмү жыл сайын өсүүдө

Экономика 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Кыргызстанда күрүч өндүрүүнүн көлөмү жыл сайын өсүүдө.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө 2019-жылы күрүчтү өндүрүү 41 миң тоннаны түзсө, учурда анын көлөмү 7 миң тоннага чейин жогорулап, 47-48 миң тоннага жетти.

Бул фермерлер ички рыноктун муктаждыгын камсыз кылууга толук мүмкүнчүлүгү бар экендигинен кабар берет. Ошондой эле учурда Кыргызстандын күрүчүнүн сапаты жогору жана аны өстүрүүдө органикалык ыкмалар гана колдонулгандыгына байланыштуу жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн да чоң суроо-талапка ээ болууда. Бирок күрүч өлкөдө популярдуу азык болгондуктан, жергиликтүү тургундар күрүчтүн улуттук сортторуна артыкчылык берип, экспорттун жылдык көлөмү 600 тоннадан ашпайт.

Пикир

Оставить комментарий