• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Быйыл республикалык бюджеттин эсебинен 242 долбоор каржыланды

Экономика 0

Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. Быйылкы жылы республикалык бюджеттин эсебинен 242 долбоор каржыланды. Бул тууралуу КР Финансы министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 1-декабрына карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылоого берген билдирмелерине ылайык, республикалык бюджеттен «дем берүүчү гранттар» беренеси боюнча жалпысынан 398 млн 119,7 миң сомго (же такталган пландын 94,8 пайызына) 242 долбоор каржыланды. Анын ичинен 121 долбоор толук көлөмдө бүткөрүлдү.

Эске сала кетсек, «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» КР мыйзамында «дем берүүчү (үлүштүк) гранттар» беренеси боюнча 600 млн сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий