• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Өлкө боюнча 1 миң 744 банкомат орнотулган – Улуттук банк

Экономика 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 1-мартка карата 1 миң 744 банкомат орнотулган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет.

Улуттук банктан белгилешкендей, 1-мартка карата Кыргызстандын аймагында 1 миң 744 банкомат, 11 миң 260 POS-терминал (анын ичинен 9 миң 136 POS-терминал соода-тейлөө түйүндөрүндө болсо, 2 миң 124 POS-терминал коммерциялык банктардын филиал жана сактык кассаларында турат) жана 1 миң 927 төлөм терминалы орнотулган.

"Улуттук банк тарабынан күн сайын банкоматтар боюнча жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, банктык жабдыктардын 90%ы калкка жеткиликтүү. Ал эми калган 10%ы орнотулган жери карантинге жабылгандыгына байланыштуу иштетилбей турат. Колдонулуп жаткан банкоматтардын бардыгы коммерциялык банктар тарабынан накталай акча менен жетиштүү түрдө толукталып турат. Эгерде банкоматтардын иштешине кедергисин тийгизген жагдай – электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашы, байланыштын жоктугу, оңдоо жана алдын алуу иштери – келип чыкса, коммерциялык банктар ал маселени чечүү боюнча ыкчам чараларды көрөт", - деп билдирет Улуттук банк.

Пикир

Оставить комментарий