• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда дагы 23 адамга коронавирус жукту. Жалпы 489

COVID - 19 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 17-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 23 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Ал билдиргендей, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 489 кишиге жетти.

"Жаңы катталган учурдун ичинен Бишкек шаарында - 14, Чүй облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 2, Ош облусунда - 4, Ош шаарында - 2 адам бар. Алардын 15и аял, 8и эркек", - деп маалымдады ал.

Кыргызстанда 17-апрелге карата тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жалпы 489 учуру катталды. Анын ичинде:

  • Жалал-Абад облусу – 93
  • Ош облусу – 135
  • Ош шаарында – 73
  • Чүй облусунда – 28
  • Бишкек шаарында – 102
  • Баткен облусунда – 5
  • Нарын облусу – 45
  • Ысык-Көл облусунда – 8.

Пикир

Оставить комментарий