• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Күрөш жана бокс боюнча дүйнө чемпионаттарында ийгиликтерге жеткен жаш спортчулар сыйланды

Коом 0

Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Президенттин администрациясында грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана бокс боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионаттарында жетишкен ийгиликтери үчүн спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү.

Сыйлыктарды президенттин атынан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тапшырды. Жогорку спорттук жетишкендиктери үчүн спортчуларга жана алардын насаатчыларына бир жолку акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

"Бул жетишкендиктер өсүп келе жаткан муун үчүн маанилүү үлгү болуп, жаңы спорттук жеңиштерге жол ачат. Өлкө жетекчилиги спорттун өнүгүшүнө ар дайым колдоо көрсөтүп, спортчуларыбыздын эл аралык аренадагы ийгилигине көмөктөшөт”,-деди Эдил Байсалов.

Салтанат Албаниянын Тирана шаарында өткөн грек-рим жана эркин күрөш боюнча жаштар арасында (U-23) дүйнө чемпионатынын, ошондой эле Черногориянын Будва шаарында өткөн бокс боюнча жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгын чыгарууга байланыштуу болду.

Пикир

Оставить комментарий