• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Күзөт кызматы иш учурунда каза болгон кызматкерлерди эскерүү күнүнө карата турнир өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 16.05.23. /кабар/. Бүгүн ИИМдин Күзөт кызматынын спорт комплексинде кызмат учурунда каза болгон кызматкерлер – милициянын полковниги Самат Сатымкуловдун жана милициянын старшинасы Алтынбек Абдылдаевдин жаркын элесине арналган волейбол жана кыргыз күрөшү боюнча мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Турнирдин ачылышында ИИМдин Күзөт кызматынын начальнигин орун басары Алмаз Жумабеков сөз сүйлөп, каза болгондордун жакын туугандарына чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, маркум кесиптештеринин эрдигин, туруктулуугун жана ар-намысын баса белгиледи.

Иш-чарага ИИМдин Күзөт кызматынын өздүк курамы, ошондой эле каза болгон кызматкерлер Самат Сатымкулов менен Алтынбек Абдылдаевдин жакындары катышты.

Иш-чаранын соңунда бардык командаларга кубок жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Уюштуруучулардын айтымында, бул спорттук мелдеш жыл сайын өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, 2016-жылы КР ИИМдин буйругу менен 15-май кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлерин эскерүү күнү деп расмий түрдө жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий