• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте кылмыштардын алдын алуу жана бөгөт коюу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Бишкектин Свердлов акимчилигинде жашы жете электердин арасында укук бузуулардын, зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча кеңешме болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууга Свердлов районунун башчысы, аталган райондун прокурору, РИИБ башчысы, РИИБдин Тергөө кызматынын башчысы, Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов району боюнча бөлүмүнүн башчысы, Свердлов райондук СӨБ башчысы, райондук билим берүү борборунун директору, МАБ башчылары катышты.

Жыйында район прокурору Рустам Тагаев, РИИБдин Тергөө кызматынын башчысы Бекбоо уулу Арлен жана Свердлов райондук милициясынын башчысы Арлен Мамытов баяндама жасады.

Иш-чара Свердлов райондук прокуратурасынын демилгеси менен менен уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий