• 87
  • 91.29
  • 0.84

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү жаран изи сууй электе кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.11.24. /Кабар/. Күзөт кызматынын кызматкерлери оор кылмышка шектелген жаранды кылмыштын изи сууй элегинде кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-ноябрь күнү таңга жуук Бишкекте Күзөт бөлүмүнүн кызматкери батирлердин биринде белгисиз адамдын бычакталганы тууралуу маалымат алышкан.

Милиция кызматкеринин үстүндө форма кийими болгондуктан, жарандар ага дароо кайрылышкан. Ал ыкчам аракеттерди көрүп, дароо күзөт бөлүмүнүн кармоо тобунун кайгуулдагы экипажына, ошондой эле 102 кызматына маалымат берген.

Окуя болгон жерден мас абалдагы жаран чыгып, колундагы бычакты ыргытып, качып кетүүгө аракет кылган. Бирок кызматкерлер анын кечып кетүүсүнө жол беришпей, үйдүн кире беришинен камашкан.

Кармалган жаран мурда соттолгон 1979-жылы туулган А.Л. экендиги аныкталып, кылмыш болгон жерди текшерүүдө батирден бычактан жаракат алган адамдын сөөгү табылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш чырдан улам чыкка. Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий