• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдөгү өлүмгө алып келген аттракцион кырсыгы. Кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) боюнча козголгон кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Катердин айдоочусу Кара-Ой айылынын 16 жаштагы тургуну болгон. Ал баш коргоо чарасы тандалганга чейин камакка алынды.

Эске салсак, 23-июлда саат 16:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуу жайларынын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн катердин айдоочусу көлдүн үстүндө баллон сүйрөтүп бара жатып, теплоходго урунган. Натыйжада, баллондо отурган үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарындагы райондук ооруканага жеткирилген.

Белгиленгендей, жабыркаган үч адамдын экөөсү алган оор жаракаттардан улам оорукананын жандандыруу бөлүмүндө ошол эле күнү көз жумуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий