• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Күжүрмөн даярдыкты күчөтүү үчүн курсанттардын практикалык машыгуусу өттү

Коом 0

Бишкек, 16.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Аскер институтунун 2018-жылга түзүлгѳн планына ылайык үстүбүздѳгү жылдын март айында ѳткѳрүлүп жаткан Аскер институтунун 4-курсунун курсанттары Бишкек, Ош жана Баткен гарнизондорунда жайгашкан, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын аскердик бөлүктөрүндө жана башка кошуундарында аскердик-практикалык машыгуулар өттү. Бул тууралуу КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бөлүктөр өздөрүнүн аскердик билим деңгээлдерин практикалык жактан чындоонун үстүндө. Бул старжировка Чүй жана Түштүк аймактарында ѳтүүдѳ. Айта кетсек Чүй аймагында капитан Актилек Турдукулов, Баткенде подполковник Дмитрий Власенко, Ош гарнизонунда Аскер институтунун ѳздүк курамы менен иштѳѳ боюнча орун басары полковник Курсанбек Бекташов жетектеп келишет. Аталган практикалык машыгуунун негизги максаты курсанттардын алган билимдери практика жүзүндѳ командир взводдун ролунда ѳздѳрүн чыңдоо.

Белгилей кетсек, мындай машыгууларга КР Улуттук гвардиясы, КР Чек-ара кызматы, КР КК ургактагы аскерлери да старжировка ѳтүп жатышат, алардын катарында биздин курсанттар да практикалык машыгуу ѳтүүдѳ. Бул машыгууга атайы Аскер институтунун офицерлери (улук тобу) дайындалгандыктан, курсанттарга практикалык жана методикалык жардам кѳрсѳтүлүүгѳ кѳзѳмѳлгѳ алынган. Курсанттарга практикалык машыгуу сабактары ѳтүлүп, ѳздѳрүн келечекте взводдун командири болооруна күжүрмѳн даярдыктарын кѳрсѳтүүгѳ ѳздѳрүнѳ баа берүүгѳ мүмкүнчүлүк берилүүдѳ. Күжүрмѳн даярдыкты күчѳтүү максатында ок атуу талаасында курсанттар үчүн баардык шарттар түзүлгѳн. Бул сабактар башка машыгуулардан айырмаланды.

Курсанттардын сезимталдыгы коюлган тапшырмаларды так ѳз убагында аткарып жаткандыгы, коопсуздук эрежелери туура сактоосу менен сабактар татыктуу ѳтүп жатат. Аскер институтунун курсанттары - Мекен коргоочу катары, кыргыз элибиздин тынчтыгын сактоого бекем болооруна ишенемин, деди, - полковник Курсанбек Бекташов.

Пикир

Оставить комментарий