• 84.2
  • 94.34
  • 0.9

Каарманбек Байдавлетов саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 30.09.24. /Кабар/. Каарманбек Байдавлетов саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бүгүн КР президентинин администрациясынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы серепчиси Элден Калчакеев министрдин жаңы орун басарын эмгек жамаатына тааныштырды.

Белгилей кетсек, мурда бул кызматты ээлеп турган Айжамал Шамбетова өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий