• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

"Кабар" агенттиги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык маалыматтык өнөктөшү болду

Коом 0

Бишкек, 03.09.24. /Кабар/. Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Казакстандын Астана шаарында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары чыгат.

Расмий маалыматтык өнөктөштүктүн алкагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу материалдар сайттын бардык – кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жарыяланат.

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – өлкөбүздүн сыймыгы. Оюндар коңшу өлкөдө өтүп жатканына кубанычтабыз. Бул элдик дипломатияны чыңдоого жардам берет. Биздин спортчуларга жана бардык катышуучуларга ийгиликтерди каалайбыз!", - деди агенттиктин директору Медер Шерметалиев.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү чечими 2012-жылы түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммитинде кабыл алынган. Бул оюндар 2014, 2016 жана 2018-жылдары Кыргызстанда, 2022-жылы Түркияда өткөн. Кийинки оюндар Өзбекстанда өтө турганы белгилүү болду.

"Кабар" КУМА 1937-жылы негизделген жана Кыргызстандын эң алгачкы маалымат агенттиги. Ал өлкөнүн ички жана эл аралык маалыматтык саясатын координациялоочу жалгыз мамлекеттик маалыматтык-аналитикалык мекеме. Агенттиктин жаңылыктары кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жарыяланып турат.

Пикир

Оставить комментарий