"Кабар" агенттигинин директору Венгриянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медер Шерметалиев Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен жолукту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Венгриянын мамлекеттик ЖМКларынын ортосундагы маалыматтык кызматташтыкты талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Шерметалиев Кыргызстан менен Венгриянын мамилелери мамлекет башчыларынын деңгээлинде оң жагына өсүп жатканын белгилеп, бул багытты маалыматтык чөйрөдө колдоо ниетин билдирди.

Өз кезегинде элчи Шандор Дороги MTI (Венгер маалымат агенттиги Magyar Távirati Iroda) менен өнөктөштүк жана достук мамилелерди түзүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, жолугушууда тараптар билим берүү жана туризм жаатындагы маселелерди талкуулашты.

Эскерте кетсек, жакында Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги менен Венгер маалымат агенттигинин (MTI) ортосунда кызматташтык келишимине кол коюу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий