• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Мэрия Бишкектеги дүкөн жана кеңселердин кире бериш топтору кандай болушу керектигин көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 29.08.23. /Кабар/. "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасы борбор калаадагы дүкөн жана кеңселер үчүн кирүү топторунун бирдиктүү долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бүгүнкү күндө Октябрь акимчилигинин жана МАБ кызматкерлери Байтик Баатыр көчөсүн бойлой жайгашкан акча алмаштыруучу жайлардын, кеңселердин жана дүкөндөрдүн ээлерин жана ижарачыларын кирүү топторуна жана көрнөк-жарнактарга коюлган талаптар менен тааныштырды.

"Бардык процедуралардан кийин акимчиликтин жана МАБ кызматкерлери дүкөн жана кеңсе ээлерине жана ижарачыларына билдирүүлөрдү таратты. Анда алар кирүү топторун жана көрнөк-жарнактарды белгилүү бир мөөнөттүн ичинде иштелип чыккан долбоорго ылайык иретке келтирүүгө милдеттендирилген", - деп кошумчалашты муниципалитеттен.

Белгиленгендей, жыл ичинде ишкерлерге кирүү топторун бирдиктүү стилге өткөрүү керектиги эскертилген. Июль айынан бери Октябрь районунун аймагында Байтик Баатыр көчөсүн бойлой Кулатов көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин массалык түрдө демонтаждоо иштери жүргүзүлгөн. Жалпысынан 295 объект демонтаждалган.

Пикир

Оставить комментарий