Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. "Кабар" агенттигинин журналисти Евразия өнүктүрүү банкынын сынагынын лауреаты болду.
Алматыда Евразия өнүктүрүү банкынын эл аралык конференцияларынын алкагында евразиялык интеграция темасын чагылдырган журналисттердин чыгармачылык сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.
Калыстар тобу бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү, өз ара инвестициялар, өндүрүштүк жана илимий кооперациялар, трансчек аралык долбоорлорду ишке ашыруу, Евразиядагы санариптик демилгелер, Туруктуу өнүгүү максаттарына биргелешип жетишүү, суу-энергетика комплекси, логистика жана региондогу мамлекеттердин ортосундагы соода жүгүртүү боюнча темаларды камтыган жүздөн ашуун ишти караган.
Иштерге ЕӨБ бардык 6 мүчө-өлкөнүн журналисттер союздарынын жетекчилери, Евразиянын алдыңкы медиа менеджерлери кирген эксперттик кеңеш баа берди.
Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин Маалыматтык-аналитикалык борборунун жетекчиси Кирилл Степанюк 15 жеңүүчүнүн катарына кирди. Ал "Экономикалык баяндама" номинациясында сынактын лауреаты болду.
Пикир
Оставить комментарий