• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

"Кабар" маалымат агенттиги АТНАнын логотибин тандоодо жеңүүчү аталды

Коом 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги Түрк маалымат агенттиктери альянсынын (ATNA) логотибин тандоодо жеңүүчү аталды.

ATNA өзүнүн логотибинин дизайнын добуш берүү аркылуу бекитти. Добуш берүүнүн жыйынтыгында “Кабар” маалымат агенттигинин дизайнери Жээнбек Сагыналиев тарабынан иштелип чыккан долбоор ATNA мүчөлөрү арасындагы сынакта жеңүүчү деп табылды.

Түрк маалымат агенттиктеринин альянсы 2023-жылдын 6-ноябрында Стамбулда беш түрк мамлекетинин: Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын маалымат агенттиктеринин жетекчилеринин жолугушуусунда түзүлгөн.

Түрк маалымат агенттиктери альянсынын максаты – түрк маалымат агенттиктеринин ортосундагы байланышты чыңдоо жана түрк дүйнөсүндө заманбап медиа көйгөйлөрүн чечүү жолдоруна басым жасоо, так жана ыкчам маалымат алмашууга көмөктөшүү.

ATNA дүйнөлүк маалымат агенттиктеринин арасында күчтүү альянс болууга умтулуп, структураланган уюмду, логотипти жана веб-сайтты түзүп, өз ара окууну жана кызматташууну өнүктүрөт.

Альянсты түзүү боюнча документке Түркиянын "Анадолу" мамлекеттик маалымат агенттигинин президенти жана директору Сердар Карагөз, Азербайжан мамлекеттик маалымат агенттигинин башкармалыгынын төрөгасы Вугар Алиев, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев, Казакстандын Qazcontent маалымат агенттигинин башкармалыгынын төрагасы Бекзат Жусупов, Өзбекстандын улуттук маалымат агенттигинин башкы директору Абдисаит Кучимов кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий