28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Бул чындыгында эле тарыхый окуя, анткени шайлоо өнөктүгүндө көптөгөн өзгөрүүлөр байкалууда, бирок негизги жаңычылдык шайлоо аралаш система менен өтүп жатканында. Муну менен катар добуш берүүнүн мүмкүн болушунча таза өтүшү үчүн колдон келгендин баары жасалууда. Бул көп жагынан өлкө үчүн аныктоочу учур болушу мүмкүн, анткени өткөн тажрыйба көрсөткөндөй, адамдар ошол эле саясатчылардан, калптардан, куру убадалардан жана адилетсиздиктен чарчады.
Ошондуктан өлкөдөгү былтыркы окуя коомдун адилеттүүлүккө болгон талабынын жыйынтыгы дегенге негиз бар. Бийлик мындан тыянак чыгарышы керек. Ал эми даярдык иштерине, үгүт кампаниясына көңүл бурсак, анда өткөндөн сабак алынган деген ортолук жыйынтык чыгарууга болот.
Аралаш система
Алдыдагы шайлоону тарыхый деп атасак болот, анткени ал аралаш система боюнча өтүп жатат. Мындан мурда бир мандаттуу система 2005-жылы болгон, бирок ал система азыркыдан кыйла айырмаланган.
Жаңы мыйзамга ылайык, “бир мандаттуу шайлоо округу” жана “бирдиктүү шайлоо округу” деген түшүнүктөр кирди. Эми бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет.
Бир мандаттуу бюллетенге талапкердин аты-жөнү, туулган жылы жазылат. Партиялык системага келсек, айрым шарттарды эске албаганда тандоо системасы өзгөрүүсүз калган. Мисалы, аймактык 0,7%дык босого чек 0,3%га түшүрүлгөн. Квотадагы өзгөрүүлөргө токтолсок, ар бир үчүнчү талапкер аял болушу керек, жаштардан 3 талапкер, этникалык азчылыктардан 3 талапкер, майыптыгы бар адамдардан 2ден кем эмес талапкер болушу керек экенин белгилей кетүү зарыл.
Мындай система өлкөнүн мурдагы тажрыйбасынан бардык мыкты өзгөчөлүктөрдү алып, теориялык жактан өз жемишин бериши керек. Коомдун суроо-талаптарына бийликтин жообун көрүүгө болот: мисалы, депутаттардын санынын азайышы.
Административдик ресурс колдонуу жок
Шайлоонун таза өтүшүнө келсек, эгемендиктин 30 жылында бийлик биринчи жолу саясий эркин көрсөтүп, административдик ресурстун колдонулушуна ачык “жок” деп айтканы көңүлдү бурат. Шайлоо процесси башталгандан тартып КР президенти Садыр Жапаров буга абдан көңүл буруп келе жатат. Ошентип, ал “2021-жылдын 28-ноябрында КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону таза, ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, шайлоо мыйзамдарына ылайык, бардык шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилиндеги иш аракети шайлоочулардын партиялык тизмесиндеги талапкерди эркин тандоого багытталышы керек
Ошондой эле жарлыкта КР Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алуу менен жарандарга таасир көрсөтүүнүн, шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоонун ар кандай формаларын жокко чыгарган 5 пункт камтылган.
Садыр Жапаров добушун саткан же сатып алган жарандар дагы кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын белгилеген.
“Мындай фактылар аныкталган шартта сиздер бир жарым жылдан эки жарым жылга чейин камалышыңыздар мүмкүн. Кылмыш кодексинде ушундай берене бар. Ага ылайык, шайлоочулар өздөрүнүн добушун сатпашы керек, талапкерлер добуш сатып алууга барбашы абзел. Эгер ушундай фактылар табылса укук коргоо органдары катуу, чечкиндүү чара көрүңүздөр. Мындан ары биз Кыргызстанда таза шайлоо салтын киргизебиз. Мурунку шайлоолор тарыхта калсын”, - деген ал.
Мурдагы шайлоолордон айырмаланып, азыркы бийликтин шайлоого аттанып жаткан партиялардын, талапкерлердин бирин да колдобой турганы дагы колдоого аларлык. Эксперттердин айтымында, бул административдик ресурс колдонулбай турганынын жакшы көрсөткүчү, натыйжада ЖКнын жаңы чакырылышынын депутаттарын шайлоонун таза жана ачык өтүшүнө таасирин тийгизет.
Бул шайлоонун мыйзамдуулугун сактоо үчүн шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штаб түзүлгөн, анын төрагасы КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов болуп саналат. Акыркы жыйындардын биринде Марат Иманкулов буга чейинки адилетсиз шайлоолор үч ирэт массалык толкундоолорго алып келгенин айтты. Муну менен ал алдыдагы шайлоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Чындыгында эле акыйкатсыздыктын бетин ачуу иштери жүрүп, карапайым эл эле айып пул төлөнбөстөн, аткаминерлер, акимдер да кызматынан четтетилип, эң негизгиси талапкерлер шайлоо алдындагы жарыштан четтетилип жатканы кубандырат.
Админресурс колдонууга көзөмөл күчөтүлдү. Азыркы учурда админресурс колдонгон жетекчилер кызматынан алынууда. Ош мамлекеттик университетинин ректорун, ОшМУнун педагогикалык факультетинин деканынын жана факультеттин дагы 3 окутуучусунун иштен алынганын, андан тышкары, билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге жана Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовго сөгүш берилгенин мисал келтирсек болот. Мындан тышкары, Таластагы айыл өкмөт башчыларынын бири да партиялардын бирине үгүт иштерин жүргүзгөндүгү үчүн кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын мэри Ленин районунун акимине сөгүш жарыялап, үгүт иштерине кийлигишкени үчүн 6 квартал башчысын кызматтан алууну тапшырды. Мындай мисалдар көп, мамлекет башчысынын таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрүү тапшырмасы бардык жакта жана кызматына карабай аткарылып жатат деп түшүнсөк болот.
Добуш сатып алуу менен күрөшүү
Жалпысынан бузууларды алдын алуу боюнча иштер жигердүү жүрүп жатканын белгилөөгө болот. Күн сайын БШК, УКМК жана ички иштер органдары тарабынан тигил же бул мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча маалыматтар түшүп жатат. Тилекке каршы, мыйзам бузуулардын көп бөлүгү шайлоочулардын добушун сатып алуу болууда. Бул президенттин абийирсиз талапкерлер, партиялар жана үгүттөөчүлөр 2 жылга чейин эркинен ажыратылат дегенине карабай болуп жатат.
Ушул эле нерсе, президенттин айтымында, мындай сыйлыктарды алгандарга да тиешелүү. Ошого карабастан, эл негизги нерсени - добушун бир нече миң сомго сатып, өздөрүн мыйзам бузууга түртүп гана тим болбостон, жакындарын, балдарын, ошондой эле өлкөнүн калган элин келечеги жок таштап кетишерин түшүнбөй жатат.
Шайлоого саналуу күндөр калды, акыркы даярдыктар көрүлүүдө, техникалар сыноодон өтүп жатат, эл келечектеги тандоосун ойлонуп жатат. Таза шайлоо үчүн жоопкерчилик да негизинен карапайым жарандардын мойнунда экенин түшүнүү керек. Ал эми бийлик биринчи жолу шайлоого катышкан партияларга, талапкерлерге бирдей жана атаандаштык шартта таза жана ачык шайлоо өткөрүүгө болгон аракетин жумшап жатат.
«Кабар» МАБ
Пикир
Оставить комментарий