Кабул жана Логардагы теракт. Жапаров Афганистандын президентине көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 12.05.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Афганистан Ислам Республикасынын президенти Мохаммад Ашраф Ганиге Кабул шаарындагы жана Логар провинциясындагы адам өмүрүн алган теракттардын натыйжасындагы курмандыктарга байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан Логар менен Кабулда болгон ырайымсыз жана адамгерчиликсиз террордук акттардын кесепетинен жабыр тарткандарга жана курман болгон адамдардын үй-бүлөсү менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана аза кайгысын тең бөлүшөм.

Биз бардык террордук көрүнүштөрдү кескин түрдө сынга алабыз жана адамзатка, тынчтыкка каршы кылмыштары үчүн жооптууларды чечкиндүү айыптайбыз.

Жабыркагандардын сакайып кетүүсүн жана афган жергесинде тынчтык менен бакубатчылыктын орношун каалайбыз», — деп айтылат президент Садыр Жапаровдун көңүл айтуусунда.

Пикир

Оставить комментарий