• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кабулда Кыргызстандын экономика министри менен Афганистандын ТИМ башчысы жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 25.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Афганистандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма соз кызматынан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу 25-январда Афганистандын борбору Кабул шаарында өткөн. Жолугушуу эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоого арналды.

Афганистандын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын милдетин аткаруучу бийик тоолуу аймактарда жашаган жана Герат провинциясындагы катуу жер титирөөдөн жапа чеккен ооган элине көрсөтүлгөн гуманитардык жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Министрлер соода, инвестиция, транспорт жана энергетика сыяктуу түрдүү тармактардагы маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Алар өз ара пайданы камсыз кылуу үчүн экономикалык чөйрөдө байланыштарды түзүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Тараптар Кыргызстан менен Афганистандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү эки өлкөнүн элинин бакубаттуулугун жогорулатууга көмөктөшөөрүнө ишеним артышты.

Соңунда министрлер эки өлкөнүн кичи жана орто бизнесин колдоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле тараптардын бизнес чөйрөлөрүнүн ортосунда байланыштарды түзүү зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий