• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кадамжай районунда дайынсыз болуп жаткан жаш келин изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.09.24. /Кабар/. Кадамжай районунда дайынсыз болуп жаткан жаш келин изделүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Айрыбаз айылынын тургуну 31 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, келинчеги 2006-жылы туулган Шарипжан кызы Хадича 1-сентябрь күнү саат 16:30 чамаларында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Аталган факты Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, багыттамалар жер-жерлерге жөнөтүлүп, издөө иштери жүрүп жатат.

Белгилери: Бою 160-165см, орто дене түзүлүштө, чачы, кашы-көзү кара түстө, ак жүздүү.

Кийген кийимдери: башында жоолук, үстүндө ак түстөгү көйнөк жана жеңи кыска узун камзир, бутунда ак түстөгү бут кийим.

"Жогорку маалыматтын негизинде дайынсыз жоголгон Шарипжан кызы Хадичанын жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнө төмөнкү телефондөр аркылуу билдирип коюуңуздарды суранабыз. Байланыш тел: (03655) 5-02-29 , 0776-85-10-10", деп айтылат милициянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий