• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кадамжай районунда жаңы мектеп куруу пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Турак жай-жарандык курулуш башкармалыгынын Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы №39 Х.Жаныбеков атындагы орто мектептин курулушуна тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, объект Кадамжай районунун Көтөрмө (Чандеки) айылында курулат.

Мектеп 150 окуучуга ылайыкталган. Пландалып жаткан сумма - 92 млн 279 миң 36 сомду түзөт. Сынактык арыздарды берүүнүн акыркы мөөнөтү - 29-май.

Пикир

Оставить комментарий